Шырнакта бир коргоочу шейит болду

Шырнак Жуди тоосунда жүргүзүлгөн операцияда да жараланган эки коргоочунун бирөөсү шейит болду.

750686
Шырнакта бир коргоочу шейит болду

Бингөлдүн Генч районунда ПКК жикчил террордук уюмга карата операцияда бир аскер шейит болду. Шырнак Жуди тоосунда жүргүзүлгөн операцияда да жараланган эки коргоочунун бирөөсү шейит болду.

Генч районуна караштуу Йениязы айылынын элетинде операция жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү менен террористтердин ортосунда кагылышуу чыкты.

Кагылышууда бир адис старшина шейит болду.

Аймакта абадан колдоо берилген операция улантылууда.

Шырнакта да Жуди тоосунда жүргүзүлгөн операцияда чыккан кагылышууда эки коопсуздук коргоочусу жараланды. Жараланган коргоочулардан бирөөсү дарыланган ооруканда шейит болду.



Тектеш кабарлар