Диярбакырда бир террорист кармалды

Операцияда бир террорист курал жана ок – дарылары менен кармалып, террористтерди унаасы менен ташыган бир жардамчы камоого алынды.

748677
Диярбакырда бир террорист кармалды

Диярбакырда ПКК террордук уюмга карата операцияда бир террорист менен бир жардамчысы кармалды.

Диярбакыр губернаторлугунан берилген маалыматка караганда 1528 километрдик аянтта 28 -  май күнү саат 22де башталган жана 10 миң 47 коопсуздук кызматкеринин катышуусу менен жүргүзүлгөн «Шейит жандарма капитаны Фуат Огузжан орток бөлүк операциясы» улантылууда.

Операцияда бир террорист курал жана ок – дарылары менен кармалып, террористтерди унаасы менен ташыган бир жардамчы камоого алынды.

5 айыл менен аймактагы 52 үйдү тинтүүдө 3 шектүү камоого алынды. Террористтер тарабынан талап тонолгон  жана бомбалуу кол салууда колдонулары билдирилген унаа колго түшүрүлдү.

Операцияда120 унаа текшерүүгө,  334 киши тергөөгө алынды.

 



Тектеш кабарлар