Айрым чөйрөлөр баш аламандык жана өкүлдүк согуштары менен Ислам дүйнөсүн бутага алууда

Стамбулдун Эсенлер районундагы ооз ачуу программасында сөз сүйлөгөн Куртулмуш, айрым араб өлкөлөрүнүн Катарга карай санкция чечимине сереп салды.

748282
Айрым чөйрөлөр баш аламандык жана өкүлдүк согуштары менен Ислам дүйнөсүн бутага алууда

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Катар кризисинин эки тараптуу түшүнүшүү, дипломатия менен такууланып, сүйлөшүлүп чечилиши үчүн аракет кылгандарын айтты.

Стамбулдун Эсенлер районундагы ооз ачуу программасында сөз сүйлөгөн Куртулмуш, айрым араб өлкөлөрүнүн Катарга карай санкция киргизүү чечимине сереп салды.

Куртулмуш, айрым өлкөлөрдүн Катар менен карым-катнашын токтотушу менен башталган кризистин тез арада ашылып өтүлүшү үчүн Түркиянын керектүү аракетти көрсөткөнүн айтты.

Куртулмуш: «Катар кризисинин себебинен башыбыздан өткөрүп жаткан жаңы чыңалуунун абдан чоң кагылышуу жана баш аламандыкка айланып кетүү ыктымалдуулугу ачык түрдө ортодо турат»,-деди.

Нуман Куртулмуш, айрым чөйрөлөрдүн баш аламандык жана өкүлдүк согуштары менен Ислам дүйнөсүн бутага алгандарын да белгилеп кетти.

Куртулмуш: «1 миллиард 700 миллиондук мусулмандын тынчын кетирүүгө аракет кылып жатышат. Жер жүзүндө чоң согуштун башталышына, бул майдаланган аймактын дагы да майдаланышына аракет кылып жатышат»,-деп айтты.

Ооз ачуудан кийин Стамбулда жашаган ордулук жердештери менен жолуккан Куртулмуш, бул жерде да Ирандагы террордук кол салууларга токтолду.

Катар кризиси башталганда Иранда да бомбалардын жарылуусунун кокустук болбогонун баса белгилеген Куртулмуш: «Эреже катары сизге муну айтайын. Кандайдыр бир өлкөдө бир террор уюму, террор кыймылын кылып жатса, ал террор уюмунан дагы күчтүү чалгындоого ээ болгон бир өлкөнүн же өлкөлөрдүн ошол ишке кийлигишүүсү бар»,-деди.



Тектеш кабарлар