Гүлендин түрк жарандыгынан чыгарылышы анын Түркияга тапшырылуусуна тоскоолдук болобу?

Адилет министри Боздаг суроолорго жооп берди

746841
Гүлендин түрк жарандыгынан чыгарылышы анын Түркияга тапшырылуусуна тоскоолдук болобу?

Адилет министри Бекир Боздаг, Фетуллахчы террор уюмунун  (ФЕТӨ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин түрк жарандыгынан чыгарылышынын анын Түркияга тапшырылуусуна тоскоолдук болбой турганын айтты.

Түркия Улуу Улуттук жыйынын суроолоруна жооп берген Боздаг, жарандыктан чыгаруунун соттоо укугун жойбой турганын билдирди.

Алар туурасында тергөө жүрүп жаткан жана качкын абалда болгон ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен, Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) эл өкүлү Файсал Сарыйылдыз жана Тугба Хезер менен ХДПнин мурдагы эл өкүлү Өздал Үчер да арасында болгон 130 кишинин 3 айдын ичинде Түркияга кайтып келбеген учурда жарандыктан чыгарыла турганы чечими Расмий гезитте кечээ жарыяланган болчу.



Тектеш кабарлар