Эрдоган Грециянын экс премьер-министринин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Эрдоган, 99 жашында каза болгон Грециянын экс премьер-министри Константин Мичотакистин үй-бүлөсүнө кайрат айтты.

742058
Эрдоган Грециянын экс премьер-министринин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 99 жашында каза болгон Грециянын экс премьер-министри Константин Мичотакистин үй-бүлөсүнө кайрат айтты.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдоган, каза болгон кишинин кызы жана Грециянын мурдагы тышкы иштер министри Дора Бакоянниске телефон аркылуу байланышып Мичотакистин каза болушунан улам үй-бүлөсүнүн бардыгына көңүл айтты.

Бир мезгил Түркияда сүргүндө жашаган Грециянын мурдагы премьер-министрлеринен Константин Мичотакис мурдагы күнү 98 жашында көз жумду.

Орто эсеп менен 50 жыл бою активдүү саясатта болгон Мичотакис, 1990-1993-жылдар аралыгында Грециянын премьер-министрлик кызматын аркалады.

Грециянын экс премьер-министри Константин Мичотакис мезгилинде Греция, Европада кийинки жылдарда орток акча бирдиги евронун ишке ашырылышынын жолун ачкан жана алгач ал топ, андан кийин Биримдикке мүчө өлкөлөр үчүн экономикалык критерийлерди камтыган 1991-жылдагы Маастрихт келишимине кол койду.

Мичотакис, 1967-жылы аскердик хунта тарабынан кармалган, бирок кийин Түркияга качып келген. Грек саясатчы ал мезгилде өлкөсүнө кайтканга дейре 7 жыл Түркияда жашаган.

Мичотакистин кызы Дора Бакояннис да 2006-2009-жылдар аралыгында тышкы иштер министрлик кызматын аркалаган.



Тектеш кабарлар