Түркия Англия калкына көңүл айтты

Стамбулда өткөн бир иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Англис калкынын кайгысын тең бөлүшөбүз»,-деп айтты.

737623
Түркия Англия калкына көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Англиянын Манчестер шаарында түндө болгон жана көп сандаган киши каза тапкан террордук кол салууну айыптады.

Стамбулда өткөн бир иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Англис калкынын кайгысын тең бөлүшөбүз»,-деп айтты.

Тышкы иштер министрлигинин бул темага байланыштуу жарыясында; «Террор балээсине каршы бул балээни чыгарган ар түрдүү чөйрөнүн тамырын жерден жулуш үчүн жакын досубуз жана шериктешибиз Улуу Британия менен бирге жүргүзө турган чечкиндүү жана таасирдүү күрөштү колдошуу менен улантабыз. Манчестердеги мыкаачылык кол салууга бере турган эң туура жооп ушул болот»,делди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, террордук кол салууда каза болгондор үчүн Англияга кайрат айтты.

Чавушоглу көңүл айтуусун Твиттер эсебинен бөлүштү.

Чавушоглу: «Манчестердеги террордук кол салууну айыптаймын. Англия өкмөтүн жана калкын кайраттуу болууга чакырамын»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар