Германия багытын Түркияга буруусу керек

Премьер-министр Йылдырым Германияга каршылык көрсөттү

733168
Германия багытын Түркияга буруусу керек

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Германиянын Түркия менен болгон карым-катнаштарын жакшырткысы келсе багытын Түркия Республикасына бурушу керектигин айтты.

Йылдырым «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги кезектеги жумалык жыйынында сөз сүйлөдү.

Анда Германия менен болгон алакалардын келип жеткен жерине сереп салган премьер-министр,15-июль төңкөрүш аракетине катышкан Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөлөрүнө бул өлкөнүн башпаанек бергенин эске салды.

Йылдырым бул абалга катуу каршылык көрсөтүп: «Германия тандоо кылышы керек. Түркия мемен мамилелерин жакшырткысы келсе жана тарыхый достук байланыштарын күчтөндүргүсү келсе багытын ФЕТӨгө эмес Түркия Республикасына бурууга мажбур»,-деди.



Тектеш кабарлар