Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу СМДК мүчөлөрүн кабыл алды

Мевлют Чавушоглу Сирия оппозициялык жана төңкөрүшчүл күчтөрдүн улуттук коалициясынын төрагалыгына шайланган Рияд Сейфти куттуктады.

730629
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу СМДК мүчөлөрүн кабыл алды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сирия оппозициялык жана төңкөрүшчүл күчтөрдүн улуттук коалициясынын төрагалыгына шайланган Рияд Сейф жана кеңештин мүчөлөрүн кабыл алды. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу Сейфти куттуктады. 

Жолугушууда Сирия келишпестигине саясий чечүүчү жолду табуу аракеттери, Астана сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ок атышпоолорду күчтөндүрүүгө карата аткарылган иштер жана келерки жумада алтынчы айлампасы өткөрүлө турган Женева сүйлөшүүлөрү боюнча токтолушту. 

 

 



Тектеш кабарлар