Европа Биримдиги министри Өмер Челик Брюсселде

Европа Биримдиги министри Өмер Челик Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн 23 –  сот жана негизги укуктар менен  24 – адилеттик, эркиндик жана коопсуздук темаларын ачууга чакыруу салды.

729801
Европа Биримдиги министри Өмер Челик Брюсселде

Европа Биримдиги министри Өмер Челик Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн 23 –  сот жана негизги укуктар менен  24 – адилеттик, эркиндик жана коопсуздук темаларын ачууга чакыруу салды.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдиги жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн Өмер Челик андан кийин пресс – жыйын өткөрдү. Челик : «Террор коркунучу астындагы өлкөбүз. Козголоң кыймылын башыбыздан өткөрдүк. Алдыбызга чыккан бардык тобокелчиликтерге карабастан Брюсселдемин жана кесиптештеримди бул темаларды ачууга чакырып жатам. Алардын бул теманы жакшы түшүнүшүн күтүүдөбүз. Бир тараптан чек араларбызыда ПЙД, ДЕАШ, ПКК сыяктуу террордук уюмдар  жана  бир тараптан Фетуллахчы террордук уюм менен күрөш улантылууда. Европада ашыкча оңчулдардын жана бизди жетеринче түшүнбөгөн досторубуздун сындары бар»,- деди.

Алты жылдан бери жарандык согуш болуп жаткан Сириядан качкандарга Түркиянын куча ачкандыгын белгилеген Челик : «Адамзаттык үчүн дүйнө жасашы керек болгон ишти Түркиянын жалгыз аткарып жатышынын канчалык маанилүү экендигин көрдүк. Европада улутчул, ашыкча оңчулдардын бул маселелерге көңүл бурбашы Түркия тарабынан маанилүү. Ашыкча оңчул партиялар менен улутчулдар качкындар аркылуу чоң бир толкун жаратууга аракет кылып Европанын саясий картасын басып алууга аракет кылышты. Түркияда келишимдин түзүлүшү менен бул ашыкча оңчулдардын колдорундагы аргументтер алынды. Акыркы болуп Франциядагы шайлоо бул ашыкча оңчулдардын тараюсун көрсөтүүдө. Ыктымалдуу НАТО саммитинин негизинде Брюсселде урматтуу президентибиз Юнкер менен жолугушат»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар