Адилеттик министри Бекир Боздаг АКШда

Адилеттик министри Боздаг бүгүн жергиликтүү саат боюнча 17:30да АКШнын адилеттик министри Жефф Сешнс ФЕТӨнүн башчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу сүйлөшүү өткөрөт.

727799
Адилеттик министри Бекир Боздаг АКШда

Адилеттик министри Бекир Боздаг президент Р. Т. Эрдогандын сапарынан мурда Фетуллахчы террордук уюмдун башчысы Фетуллах Гүлендин  тапшырылышына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн АКШда…

Адилеттик министри Боздаг бүгүн жергиликтүү саат боюнча 17:30да АКШнын адилеттик министри Жефф Сешнс менен Вашингтондо ФЕТӨнүн башчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу сүйлөшүү өткөрөт. Жолугушууда ФЕТӨнүн башчысы Гүлендин тапшырылышына байланыштуу АКШга жиберилген төрт башка тапшыруу досьеси тууралуу маалыматтарды бере турган министр Боздаг 15 -  июлда козголоң кыймылынын артында Гүлендин тургандыгына байланыштуу далилдерди да берет.

Боздагдын кесиптешине Түркия менен АКШнын ортосундагы кылмышкерлердин тапшырылышына байланыштуу келишимди эскертүү менен террор башчысы Гүлендин убактылуу камалышынын мажбур экендигин айтуусу күтүлүүдө.

Министр Боздаг Түркия тарабынан жиберилген убактылуу камоо жана тапшыруу досьелердин сотко жиберилишин да жолугушууда билдирет. Жолугушуудан кийин Боздаг эртең Түркияга кайтып келет.



Тектеш кабарлар