Чөккөн орус кемеси

«Селигер» кемесинде 16 кемечи менен 9 адис изилдөө тобу кызмат кылууда.

724257
Чөккөн орус кемеси

Стамбулда 27 -  апрелде  чөккөн орус чалгындоо кемеси «Лиман» үчүн Орусия деңиз күчтөрүнүн эң негизги изилдөө жана куткаруу кемеси «Селигер» жана жаңы муундагы куткаруучу кеме 60 метр узундуктагы SB-739 жиберилди.

18 мил ачыкта урандылардын үстүндө турган 60 метр узундуктагы толугу менен камсыздалган «Селигер» кемесинде 16 кемечи менен 9 адис изилдөө кызматкери бар. Кемеде  айрыкча аскердик  кызматкерден турган терең деңиз чумкугуч тобу да кызмат кылууда.

Орус деңизчилик булактары кемелердеги топтордун чөккөн чалгындоо кемеси порттогу кээ бир аппараттардын чыгарылышы үчүн иштешерин белгиледи. Ошол эле булактарга караганда тереңдик жана Кара деңизинин ыңгайсыз  аба шарттарынан улам кеменин чыгарылышы үчүн иштейт.

1990 -  жылдан 2010 -  жылга чейин Жер Ортолук деңизинде маанилүү кызматтарды аткарган «Лиман»  Югославияга жасалган НАТО аскердик операцияларын  Адриатика деңизинен иликтеген.  

27 -  апрелде Килйостун 18 мил жакындарында Того желектүү тирүү мал ташыган кеме «Йозарсиф» менен калың тумандан улам кагылышкан «Лиман»  экипажы жээк коопсуздук жана түрк деңиз флоту тарабынан куткарылгандан 3 сааттан кийин саат 14:48 чамаларында чөккөн.

 



Тектеш кабарлар