Түркия Парламентиндеги сый тамак

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 97 жылдыгы боюнча кечээ кечинде сый тамак берилди.

719228
Түркия Парламентиндеги сый тамак
başbakan yıldırım 23 nisan resepsiyon.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 97 жылдыгы боюнча кечээ кечинде сый тамак берилип бийлик жана оппозиция өкүлдөрү жолугушту.

Парламент төрагасы Исмаил Кахрамандын кожоюндугунда өткөн 23-Апрель рецепсиясынын борборунда лидерлер, күн тартибинде болсо Президенттик башкаруу системасына карай конституциялык өзгөртүү, шайкештик мыйзамдары жана террор менен күрөшүү бар эле.

Рецепсияга президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан жок.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, шайкештик мыйзамдары тууралуу: «Шайкештик мыйзамдарын чыгарыш үчүн оппозиция менен болушунча макулдашууну тандайбыз. Макулдаша албабаган абал болсо анда жолубузду улантабыз»,-деди.

Республикачыл элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу болсо: «Ыйгарым укуктары алынган парламент, «күчтүү парламент» катары сунуштала албайт. Бул акылга жана ой-жүгүртүүгө туура келбеген айтым»,-деди.

Рецепсияда аз эле убакыт турган Кылычдароглу, андан кийин Парламенттен чыгып кетти.

Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели болсо саясатчыларга чакырык таштады.

Бахчели: «Чыңалуудан оолак болуп, Түркиянын келечеги ойлонулушу керек. Президенттик башкаруу системасын кантип дагы жакшы ишке ашыра алабыз деп ойлонушубуз керек»,-деп айтты.

Бахчели шайкештик мыйзамдарына колдоо көрсөтүп көрсөтпөй тургандары жана ыктымалдуу кабинтетте орун алып албай турганы суралганы боюнча, «Конституциялык өзгөртүүгө аракет кылган бир партиянын шайкештик мыйзамдарына терс түшпөшү керек. Мамлекет маселелеринде бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Бирок бул өкмөттүн өнөктөшү болобуз деген түшүнүктү бербейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар