Өзгөчө кырдаал дагы 3 айга узартылды

Өзгөчө кырдаалды дагы 3 айга узартуу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде кабыл алынды.

715714
Өзгөчө кырдаал дагы 3 айга узартылды

Өзгөчө кырдаалды 2017-жылдын 19-апрели шаршемби күнү саат 01:00дөн тарта дагы 3 айлык мөөнөткө узартуу тууралуу Премьер-министрликтин уруксат документи, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде кабыл алынды.

 Вице-премьер Нуман Куртулмуш, өзгөчө кырдаалдын узартылышына Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) себеп көрсөтүлгөнүн айтты.

Куртулмуш, өзгөчө кырдаал шарттарында күнүмдүк турмуштун табигый түрдө уланганына көңүл бурду.

Өзгөчө кырдаал бул токтом менен 3-жолу узартылган болду.



Тектеш кабарлар