Өзгөчө кырдаал дагы 3 айга узартылат

Нуман Куртулмуш, Министрлер Кеңешинен чыккан чечимдерди жарыялады.

715169
Өзгөчө кырдаал дагы 3 айга узартылат

Министрлер Кеңешинде 2017-жылдын 19-апрели шаршемби күнү саат 01:00дөн тарта өзгөчө кырдаалдын 3 айлык мөөнөткө узартуу чечими чыгарылганын белгилеген Куртулмуш, бул теманын Түркия Улуу Улуттук Жыйынына сунуштала турганын айтты.

«Жекшемби күнү өткөн конституциялык өзгөртүү боюнча элдик добуш берүүдө түрк демократиясы жеңишке жетишти»,-деп айткан Куртулмуш, жогорку катышууга да көңүл буруп, «85 пайыздын үстүндө катышуу атуулдарыбыздын демократияга ээ болуу темасындагы сезимталдыгын ортого салууда»,-деди.

Куртулмуш, Жогорку шайлоо кеңешинин элдик добуш берүүнү расмий жарыялай турган, жыйынтыктар Расмий гезитте жарыялангандан тарта 18 берененин күчүнө кире турганын түшүндүрдү.

Нуман Куртулмуш элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарынын Расмий гезитте жарыяланышынан кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясына (АК Партия) мүчө болушу темасында эч бир тоскоолдук калбай турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар