Жогорку шайлоо кеңешинин жарыясы...

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда шайлоочунун 51,4 пайызы макул добушун берсе, 48,6 пайызы каршы добушун берди.

714194
Жогорку шайлоо кеңешинин жарыясы...

Түркияда Конституциянын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүүнү көзөдөгөн элдик добуш берүүдөн «макул» чечими чыкты.

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда шайлоочунун 51,4 пайызы макул добушун берсе, 48,6 пайызы каршы добушун берди.

55 миллиондон ашуун шайлоочу орун алган өлкө ичиндеги жалпы катышуу 85,5 пайыз болду.

Эң көп макул добушу Байбуртта, каршы добушу болсо Тунжелиде берилди.

Эки шаарда тең макул жана каршы добуштарын берген шайлоочулардын добуш катнашы 80 пайыздан ашты.

Өлкө тышында болсо катталган 3 миллиондон ашуун шайлоочунун 44 пайызы добуш берүүгө катышты.

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда 59 пайызы макул добушун берди.

Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гүвен, элдик добуш берүү тууралуу маалымдоосунда саат 23:00дөн баштап макул добушун бергендердин жалпы саны 24 миллион 763 миң 516 киши, каршы добушун бергендердин саны болсо 23 миллион 511 миң 155 киши болгонун жана ушул жыйынтыкка жараша элдк добуш берүүдөн «макул» деген чечим чыкканын жарыялады.

Сади Гүвен так жыйынтыктардын каршы чыгуу мөөнөттөрү эске алынганда эң кеч 12 күндөн кийин жарыялана турганын айтты.

Гүвен Жогорку шайлоо кеңешинин үкөк комиссиясынын мөөрү коюлбаган шайлоо бюллетендери жана конверттердин тыштан алып келип колдонулганы далилденмейинче жарактуу болуп саналышына чечим чыгаргандарын эске салып, Жогорку шайлоо кеңешинин үкөк комиссиясы тарабынан мөөрү басылбаган, м.а саясий партиянын мүчөлөрү тарабынан мөөр басылбаган шайлоо бюллетендери жана добуш берүү конвертинин жарактуу болгону жөнүндө чечимди алгач ирет чыгарбаганын белгилеп кетти.

Шайлоочуга мөөрсүз берилген шайлоо бюллетендеринин жараксыз деп эсептеле тургандай абалда көрүнбөгөнүн белгилеген Гүвен: «Мындай абалдагы шайлоо бюллетендеринин жарактуу болуп саналышына чечим чыгарылды. Шайлоо кеңешибиз бул чечимди добуш берүү процедуралары системага өткөрүлө электе жана бир добуштан чыгарды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар