Түркия туристтерди тосуп алууга даяр

Туристтер Түркиянын кайсы шаарларын тандашат?

705723
Түркия туристтерди тосуп алууга даяр

Түркия быйыл 38 миллион турист күтүп жатат.

Түркиянын Саякат агенттиктери биримдигинин төрагасы Башаран Улусой: «2017-жылы сектордун бардык бөлүмдөрү даяр, өлкөбүзгө быйыл 38 миллион туристтин келүүсүн күтүп жатабыз»,-деди.

Быйыл Түркияга келе турчу туристтердин санында өсүү күткөндөрүн сөз кылган Улусой: «Орусия менен Украина рынокторундагы абал жакшы. Англия рыногунда маселе жок, Жакынкы Чыгыш оң багытта»,-деди.

Улусой Түркияга араб өлкөлөрүнөн келген туристтер Стамбул жана Чыгыш Карадеңиздеги жайлоолор менен катар Бурса жана Ялова сыяктуу термалдык туризм борборлорун, Орусиядан келгендер Стамбул, Анталья, Измир жана Анкараны, израилдик туристтердин болсо Анталья, Стамбул, Мугланы тандагандарын билдирди.

Түркияда туристтик жерлерди таанытуу жагынан кемчилик жок экенин, эң жакшы иш-чаралар жүргүзүлгөнүн баса белгилеген Улусой, туризмди чогуу-чаран  дагы да жандандыра тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар