Шырнакта 3 аскер шейит болду

Улантылып жаткан операцияларда 5 террорист да өлтүрүлдү

705304
Шырнакта 3 аскер шейит болду

Шырнакта коопсуздук күчтөрү тарабынан жикчил террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн операцияда 3 аскер шейит болуп, 5 аскер жараланды. Алынган маалыматка караганда Габар тоо аймагында жүргүзүлгөн операцияда изилдөө иштерин жүргүзгөн аскерлер өтүп бара жаткан учурда террористтер аянтка мурунтадан жайгаштырган  жарылуучу заттарды жардырды.

Шырнак губернаторлугунан берилген маалыматта кол салууда 3 аскер шейит болуп, 5 аскердин жаралангандыгы билдирилди. Улантылып жаткан операцияларда 5 террорист да өлтүрүлдү. 

 Бир тараптан Эдирнеде сириялык качкындардын арасына кирип чек арадан мыйзам тышы жолдор менен өтүүгө аракет кылган террордук уюм ПКК мүчөсү 3 террорист камоого алынды.

«Террордук уюмдун пропагандасын жүргүзүү» кылмышы менен Мардин оор жаза соту тарабынан изилденип жаткан бир киши, «куралдуу террордук уюмга мүчө болуу» кылмышынан Тунжели тынчтык жаза соту тарабынан изилденип жаткан бир киши жана «террордук уюмга мүчө болуу» кылмышынан каттоого алынган бир киши Эдирне коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү бөлүмүнө тапшырылды.



Тектеш кабарлар