Туристтер кайрадан Түркияга келе баштады

Быйыл Түркияга келген орусиялык туристтердин саны өстү

700988
Туристтер кайрадан Түркияга келе баштады

Англиялык тур оператор Томас Кук кардарларынын кайрадан Түркияга бара баштаганын билдирди.

Европадагы эң ири экинчи туристтик агенттик болгон бул компания: «Оор өткөн 2016-жыл жана акырындык менен башталган бул сезондон кийин кардарлардын Түркия менен Египетке бара баштагандарын көрүп жатабыз»,- деп айтты.

Маданият жана туризм министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда Түркияга келген туристтердин саны өткөн жылы 25 миллион 352 миң болду.

Бирок быйыл январь айында орусиялык туристтердин саны эле 81,5 пайыз өстү.



Тектеш кабарлар