Түркиянын күчтөнүүсүн Европа каалабайт

Куртулмуш, Стамбулда бейөкмөт уюмдар менен болгон жыйналышта конституциялык өзгөртүү боюнча 16-апрелде боло турган элдик добуш берүүдө көздөлгөн Президенттик өкмөт системасын түшүндүрдү.

699800
Түркиянын күчтөнүүсүн Европа каалабайт

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, 16-апрелдеги элдик добуш берүүгө карата «каршы» акцияларын колдогон Европа өлкөлөрүнүн күчтүү Түркияны каалабагандарын айтты.

Куртулмуш, Стамбулда бейөкмөт уюмдар менен болгон жыйналышта конституциялык өзгөртүү боюнча 16-апрелде боло турган элдик добуш берүүдө көздөлгөн Президенттик өкмөт системасын түшүндүрдү.

Куртулмуш, 16-апрелдеги элдик добуш берүү өнөктүгүнө тышкарыдан да чакырылбаган коноктор кошулганын эске салып, Европадан айрым өлкөлөрдүн Түркиянын министрлерине жана эл өкүлдөрүнө «макул» өнөктүгүн кылдыртпаганын баса белгиледи.

Германия, Нидерландия, Австрия жана Швейцария сыяктуу өлкөлөрдүн «каршы» өнөктүгүнө колдоо көрсөтүш үчүн ар түрдүү ишке ашырууларды кылганын айткан Куртулмуш, Европанын эки жүздүү ишке ашыруусун сынга алды.

Нуман Куртулмуш, Швейцариянын Берн шаарындагы террор уюмдары ПКК, ДХКП-Ж жана ЙПГ да арасында орун алган топтор тарабынан президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган чатактуу плакатка каршы чыкканын айтты.

Куртулмуш: «ПКК, ЕБнин террор тизмесинде орун алган уюм эмеспи? Сен эмне болуп ПККнын «каршы» өнөктүгүнө уруксат бересиң? Түркиянын министрине, эл өкүлүнө уруксат бербейсиң. Эмне үчүн мынчалык шаштыңыз кетип атат? Швейцария өзүнчө бир мамлекет, Нидерландия, Австрия башка бир мамлекет...Биздеги конституциялык өзгөртүү сизди эмнеге мынчалык кызыктырат?»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар