Швейцариянын прокуратурасы террордук топту териштире баштады

Териштирүү башталганына карабастан чатактуу плакаттар тууралуу ушул убакка дейре эч кандай кармоо иши козголгон жок.

699631
Швейцариянын прокуратурасы террордук топту териштире баштады

Швейцариянын Берн-Миттельленд облусунун прокуратурасы жикчил террор уюму ПКК да арасында орун алган террорист топтор тарабынан жайылган жана президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган чатактуу плакат туурасында териштирүү баштатты.

Борбор калаа Берндин коопсуздук директору Рето Наус, териштирүүнүн террорист топтордун өткөргөн митинги тууралуу уруксат шарттарынын орундатылбаганы себебинен баштатылганын жарыялады.

Териштирүү башталганына карабастан чатактуу плакаттар тууралуу ушул убакка дейре эч кандай кармоо иши козголгон жок.

Ишемби күнү өткөрүлгөн жана Швейцария органдары расмий түрдө уруксат бербеген митингди Швейцариянын социалист партиясы жана Жашылдар партиясы да колдогон.

Бир тараптан Түркиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарыясында «сокку жана террорду ачык түрдө колдогон митингге уруксат берилишин айыптаган».

Анда аты аталган кылмышка карата дароо укуктук чаралар көрүлүшү талап кылынган.

Айрыкча Министрлик Швейцариянын Анкарадагы эчиси Вальтер Хэффнерди чакыртып, террордук уюмдун жактоочуларынын Бернде президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган митинг өткөрүшүнө тынчсызданганын билдирген.

Маалымат булактары Хэффнерге кылмышкерлердин убакыт өткөрүлбөстөн белгиленип сот алдына чыгарылышы жана тийиштүү жазалардын берилиши, айрыкча мындан ары ушундай окуялардын болобошу үчүн керектүү алдын алуулардын аткарылышы жөнүндөгү күтүүлөрүнүн билдирилгени белгиленген.



Тектеш кабарлар