Европа барган сайын жарга такалып баратат

Мевлүт Чавушоглу, жикчилдик жана фашизмдин баткагына сайылган Европанын барган сайын жарга такалып баратканын айтты.

700209
Европа барган сайын жарга такалып баратат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, жикчилдик жана фашизмдин баткагына сайылган Европанын барган сайын жарга такалып баратканын айтты.

Антальяда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккан министр Чавушоглу, Швейцариянын борбор шаары Бернде Федералдык Парламенттин имаратынын алдындагы Парламент аянтында террор уюмдары жана жактоочулары тарабынан өткөрүлгөн митингде президент Режеп Таййип Эрдоганды бута катары көрсөткөн чатактуу плакат тууралуу сереп салды.

Плакаттын жайылышынан кийин дипломатиялык жактан тийиштүү каршы чыгууларды көрсөткөндөрүн айткан Чавушоглу: «Мурдагы күнү Швейцарияда болгон окуя, кабыл алына турган окуя эмес. Швейцариянын тышкы иштер министри Дидиер Буркхальтерге да телефон чалдым. Ал өзү «кабарым жок» деди. Ага фотосүрөттөрдү да жибердик. Бул фашисттик кыймыл эмей эмне? Анан муну айтканда таарынып калышат»,-деди.

Европанын саясий позициясын жана Европа Биримдигинин өзгөчө акыркы мезгилдеги Түркияга каршы ишке ашырган саясаттарын сынга алган Чавушоглу: «Эми бир саясий партия, анын үстүнө социалист бир партия фашисттик мамиле кылганга жетип калса анда Европанын көргөн күнүн кара. Сен террорду, зомбулукту колдо, андан кийин сени сындаганда Түркия биз тууралуу эмне мындай сүйлөп жатат? дейсин. Туурасын сүйлөп жатабыз. «Эрдоганды бутага алган портретти бир саясий партиянын Парламентке илиши эмне дегенди берет, бул фашисттик кыймыл эмеспи? Террор уюмуна колдоо, алар менен чогуу кыймыл кылуу эмеспи? Мындайча айтканда террор уюму менен бир чийиндесин дегенди берет»,-деп айтты.

Чавушоглу: «Тилекке каршы Европанын келип жеткен жери ушул. Европа жарга такалып баратат, биз муну айтсак, кайра таарынышат. Эми баштарын кумга катпай чыгарышсын»,-деди.

Европанын абдан коркунучтуу жерге баратканын айткан Чавушоглу: «Бирок алар эмне дешсе дешсин, эмне кылышса кылсын. Бул 16-апрелдеги элдик добуш берүүдө акыркы сөздү түрк улуту айтат. Улутубуз, 16-апрелде да «бул өлкөнүн ээси менмин. Бул өлкөдө сөз да меники, чечим да меники, сенин ишиң болбосун, чечимди мен чыгарамын» дейт буюрса»,-деп айтты.

Эрдоганды жикчил жана фашисттик түрдө бутага алган плакат жаюу акциясынын изин кубалоону токтотпой тургандарын баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу: «Министр, «мен иликтеп териштирүү баштатам» деди. Андан кийин мунун эмне болгонун сурап турабыз. Кайсы кадамдарды таштаганын көрөлү»,-деди.

Чавушоглу, Сирияда, мурда Америка андан кийин орус аскерлеринин террор уюму ЙПГнын эмблемасы менен сүрткө түшкөндөрү тууралуу, «Бул өлкөлөрдүн кызыкчылыгы болгон убакта террор уюмдары менен дагы кызматташкандарын жана кызматташа ала тургандарын көрсөтүштү. Чындыгында бир террор уюмуна жакындоо жарышына киришти. Бул да тилекке каршы уят кылуучу абал. Башкача айтканда чоң мамлекеттердин эмне кылаарын билбей Сирияда террор уюмдары менен бирге болушу, алардын формаларын кийиши, чындап эле уят кылуучу абал»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар