Орус ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хүсейин Мүфтүоглу ишенимдүү өкүлгө Түркиянын тынчсыздануусун жана кол салуу кайталана турган болсо уюмга эселентүү менен жооп берилерин билдиргендигин белгиледи

697551
Орус ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды

Орусиянын ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды. Тышкы иштер министрлиги Сириянын террордук уюм ПЙД/ПККнын текшерүүсү астындагы аймагынан атылган ок менен бир аскер шейит болуп, орус ишенимдүү өкүлүнүн чакырылгандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хүсейин Мүфтүоглу ишенимдүү өкүлгө Түркиянын тынчсыздануусун жана кол салуу кайталана турган болсо уюмга эселентүү менен жооп берилерин билдиргендигин белгиледи.

Мүфтүоглу : «Орусиядагы ПЙД кеңсесинин жабылышы тууралуу Орусиянын кадам таштоосун күтүп жатабыз»,- деди.

Кечээ Хатай -  Рейханлыда Бүкүлмез чек ара пунктунун командирлигиндеги бир аскер күзөттө турган кезде Сириядан террордук уюм ПЙД/ПККнын текшерүүсүндөгү аймактан снайпердин ок атуусу менен шейит болду.



Тектеш кабарлар