Европа, түрктөрдүн добуш берүүгө катышууларына тыюу сала ала тургандары жөнүндө айта баштады

Нуман Куртулмуш, Анадолу агенттигинде күн тартип тууралуу маалымат берди.

696902
Европа, түрктөрдүн добуш берүүгө катышууларына тыюу сала ала тургандары жөнүндө айта баштады

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, европалыктардын 16-апрелде болуучу элдик добуш берүүдө Европада жашаган түрктөрдүн добуш берүүгө катышууларына тыюу сала ала тургандары жөнүндө айта баштагандарын баса белгилеп, эч бир күчтүн буга бөгөт кое албай турганын айтты.

Нуман Куртулмуш, Анадолу агенттигинде күн тартип тууралуу маалымат берди.

Европа өлкөлөрүнүн түрк саясатчыларына каршы жикчил, фашисттик мамилелерине токтолгон Куртулмуш: «Өкмөттүн мүчөлөрүнө ал жерде сөз сүйлөө уруксатын бербегендер, полициянын байкоосунда, полициянын көз салуусунда жикчил террор уюму ПККнын митингдерди өткөрүүсүнө абдан ачык колдоо көрсөттү. Бул түшүнүлсө боло турган нерсе эмес»,-деди.

«Европалык досторубуз муну билип алышсын, террордук уюмдардын жакшысы жаманы болбойт»,-деп айткан Куртулмуш: «Бул ПКК террор уюму ушунчалык эркелетилип, семиртилип, багыла берсе бир күнү европалык саясатчыларга да зыян тийгизет. Тийгизген жокпу? Тийгизди. Улоф Пальме кылмышын унутушпасын. Европанын эң демократ, эң жөнөкөй саясатчыларынан бири болгон Пальмени ПКК өлтүрдү (Швеция,1986).Мындайча айтканда Европанын чок ортосунда дагы европалык саясатчыларга кол сала ала турган террор уюму тууралуу айтып жатабыз»,-деп айтты.

Куртулмуш: «Европада Нео-нацизмдин, ашкере жикчилдиктин, неофашизмдин аяк үндөрүн уга баштадык, келе жатат. Жакынкы тарыхта Гитлер жана Муссолининин фашизминен зыян тарткан Европа. Европанын жакынкы тарыхы, 1-Дүйнөлүк жана 2-Дүйнөлүк согуштун ортосундагы мезгили кандуу тарых. Бул кандуу тарыхтын негизги себеби жикчилдик болгон»,-деп айтты.

Европалыктардын түрк жарандарынын 16-апрелде боло турган конституциялык өзгөртүү боюнча референдумда добуш берүүлөрүнө тыюу сала ала тургандарын айта баштагандарын баса белгилеген Куртулмуш: «Муну айткан бир өлкө, анда бир кадамдан кийин өз жарандарынын да добуш берүүсүнө тыюу сала алат. Мунун түркчөсү диктатордук болуп саналат. Муну эгерде көтөрө алабыз десе тыюу салып көрүшсүн»,-деди.

Вице-премьер Нуман Куртулмуш: «Эч бир күч элдик добуш берүүнүн жоюлушу темасында ийгиликтүү боло албайт. Эч бир күчтүн буга күчү жетпейт»,-деп айтты.

Европанын төңкөрүшчүлөргө колдоо көрсөтүүсүн да кабыл алуунун мүмкүн болбогонун баса белгилеген Куртулмуш: «Бул ачык айтканда Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПЙД) бандасын колдоо, буларды коргоо болуп саналат. Муну кабыл албаганыбызды айткыбыз келет. Европа өлкөлөрүнө баш калкалаган жана балким алдыбыздагы мезгилде да баш калкалай турган бир канча ФЕТӨгө мүчө шайкалардын дароо Түркияга кайтарылып берилиши, Түркия менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерибиздин талабы болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар