Тышкы иштер министри АКШнын тышкы иштер министринин 30 - мартта Түркияга келерин билдирди
Дональ Трамп да 16 - апрелдеги элдик добуш берүүдөн кийин сапар менен Түркияга келет
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсондун 30 - мартта Түркияга келерин билдирди.
Тышкы иштер министри Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында күн тартип тууралуу баа берип АКШдан Түркияга жакынкы убактажогорку деңгээлдебир сапардынишке ашып же ашпай тургандыгы тууралуу суроого Тиллерсондун 30 -мартта Түркияга келерин айтып жооп берди. Өзүнүн да борбор шаар Анкарада болорун кесиптешине билдирилгендигин айткан Чавушоглу : «Өзүн конок кылууну каалаганыбызды да айттым. Урматтуу президентибизге да билдирдик. Президентибиз да бир терстик болбосо кабыл алат. Премьер – министрибизге да билдирдик. 30 -мартта Тиллерсон Түркияга келет»,- деди.
Чавушоглу президент Р. Т. Эрдоган жана АКШнын президенти Дональд Трамптын бетме – бет жолугушууларынын да бир өзгөчө абал чыкпаса16 -апрелде боло турган элдик добуш берүүдөн кийин ишке ашарын айтты.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.