Ливияда түрк кемеси чөктү

Түрк жүк ташуучу кемесинин экипажынан 3 кишинин жансыз денеси табылды

693936
Ливияда түрк кемеси чөктү

Ливия жакындарында ыңгайсыз аба шарттарынан улам кечээ чөккөн түрк жүк ташуучу кеменин экипажынан 3 кишинин жансыз денеси табылды.

Мисурата портунун жакындарына якорь таштап жатып чөккөн түрк желектүү  “M/V TINAZTEPE-S»  аттуу кемедеги он үч экипаждан жетөөсү болсо куткарылды. Дайынсыз жоголгон үч кишини изилдөө иштери улантылууда.

Деңизчилик фирмасынан жетекчилер жаназалардын Түркияга жиберилиши үчүн ишин баштайт. Түркиянын Мисурата башкы консулдугу окуяны жакындан иликтөөдө.



Тектеш кабарлар