Европа дин согушуна баратабы?

Мевлүт Чавушоглу, Нидерландияда болгон шайлоо жыйынтыктарына сереп салды.

693088
Европа дин согушуна баратабы?

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европаны ыктымалдуу дин согушуна карата эскертти.

Чавушоглу, Нидерландияда болгон шайлоо жыйынтыктарын: «Социал демократ менен фашист Вилдерстин ортосунда эч кандай айырма жок, бардыгынын ою бирдей»,-деп айтты.

Антальяда жолугушуу өткөргөн Чавушоглу, Нидерландияда алдыңкы 2 катардагы партиянын шайлоо жыйынтыктарынын бири-бирине абдан жакын болгонун белгилеп, арасында пикир жагынан да айырма болбогонун белгиледи.

Чавушоглу: «Социалдык демократтар менен фашист Вилдерстин арасында да эч айырма жок, бардыгынын ою бирдей. Кайда барасыз, Европаны кайда алып барасыз, Европаны кулатууга баратасыз. Европаны тик жарга такадыңыз. Жакында Европада дин согуштары да башталат. Ушундай кете берсе ошого барат. Европанын тарыхын ачып, алдына койсоң. Бир грамм уялуу бар болсо бири-биринин жүзүнө карай алышпайт европалыктар. Ар башка диндерден болгондору үчүн 100 жыл бири-бирилерин союшту, бирок мындан кийин сабак алынды. Европа Биримдиги түзүлдү, Европа Кеңеши түзүлдү. Эми булардын баары жок кылына баштады. Европа мурдагы күндөрүнө кайтып баратат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар