Түркиянын билдирүүсүнө Европа Биримдигинен жооп келди

Европа Биримдиги дүрбөлөңгө түштү

692245
Түркиянын билдирүүсүнө Европа Биримдигинен жооп келди

Европа Комиссиясынын басма сөз катчысы Маргаритис Шинас «Кайра кабыл алуу» келишимине баш ийе тургандарын айтты.

Шинастын темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Түркия-Европа Биримдиги келишимине шайкеш келебиз. Бул орток ишеним жана тапшыруу келишими болуп саналат. Эки тараптын тең убадаларын орундатышын күтүп жатабыз»,- деген сөздөр орун алды.

Комиссиянын бул билдирүүсү Европа Биримдиги министри Өмер Челиктин «Кайра кабыл алуу келишимин карап чыгуунун убагы келди» деген сөздөрүнөн кийин айтылышы көңүлдөрдү бурду.

Өмер Челик Reuters агенттигине берген маалыматында: «Түркия баш калкалоочулар (Кайра кабыл алуу) келишими боюнча бардык нерсени аткарса, Европа Биримдиги эч бир убадасын орундаткан жок»,- деп айтып Түркиянын бул келишимди каалаган убакта, каалагандай түрдө карап чыгаарын, мунун да убагынын келгенин билдирген.

Өмер Челик Кайра кабыл алуу келишими, (Түрк жарандарына Европа Биримдигинде) виза эркиндиги, Түркиядагы баш калкалоочуларга 3 миллиард евролук жардам көрсөтүлүшү сыяктуу темалардын бир пакет экенин эске салып, Европа Биримдиги келишимге баш ийбегени үчүн Түркиянын да Биримдикке карата жоопкерчилиги калбаганын баса белгилеген болчу.  



Тектеш кабарлар