Премьер-министр Европа менен карым-катнаштар тууралуу маалымат берди

Өкмөт башчы Йылдырым, кечээ үч жеке менчик телеканалдын түз-эфир программасында маалымат берип, күн тартип тууралуу суроолорго жооп бери.

691936
Премьер-министр Европа менен карым-катнаштар тууралуу маалымат берди

Премьер-минстр Бинали Йылдырым: «Европа Биримдиги өз тандоосун жасашы керек жана Түркия менен карым-катнаштарын кайра башынан карып чыгышы зарыл. Мунун башка жолу жок»,-деди.

Өкмөт башчы Йылдырым, кечээ үч жеке менчик телеканалдын түз-эфир программасында маалымат берип, күн тартип тууралуу суроолорго жооп бери.

Премьер-министр Бинали Йылдырым Европа менен карым-катнаштардын кайра оңдолушу жана мурдагы нугуна түшүшү үчүн Европа өлкөлөрү аракет кылышы керектигин баса белгиледи.

Европа баалуулуктарынын демократия, адам укуктары, пикирин эркин айта алуу болгонун, бирок мунун ишке ашырууларда көрүнбөгөнүн белгилеген Йылдырым: «Шайлоолордон мурда же шайлоолордон кийин Европа Биримдиги тандоосун кылышы керек жана Түркия менен карым-катнаштарын башынан баштап карап чыгышы зарыл, мунун башка жолу жок»,-деди.

Премьер-минстр Бинали Йылдырым качкындарды кайтарып алуу келишими темасында да Түркиянын позициясы, милдеттенген ролу жана аймакта болуп жаткандар эске алынганда Европанын кайсы коркунучтарга туш болгонун ойлонушу керектигин айтты.

Түркия менен Европа өлкөлөрүн бири-бирине кошкон эң маанилүү байлыктын Европада жашаган мекендештер болгонун, алардын Европа менен ортобузда достук көпүрөсүн курганын баса белгилеген Йылдырым: «Ошол жагынан алганда карым-катнаштарды чыңалтуунун бизге шексиз пайдасы болот, бирок Европага пайдасы болбойт, дагы көп зыяны тиет. Мунун да билинип коюшунда пайда бар»,-деди.

Премьер-минстр Бинали Йылдырым Нидерландия менен болгондорду да карап чыккандарын, ишемби күнү тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учуу уруксатынын жоюлушунун дипломатиядагы эң чоң жаңылыштык болгонун, анын үстүнө үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каянын Түркиянын Роттердамдагы башкы консулдугуна киргизилбей коюшу ишти чээнден чыгарганын белгилеп кетти.

Нидерландия менен болгон кризистин артынан дипломатиялык учуулардын, жогорку деңгээлдеги сапарлардын токтотулушу жана Нидерландиянын Анкарадагы элчисинин Түркияга келишине тыюу салынганы чечимин эске салган Йылдырым, процесс байкала турганын, убагы, платформасы жана шарттары түзүлгөндө жооп бериле турганын белгиледи.

Бул теманын Европанын адам укуктары сотуна алып барыла турганы жөнүндөгү маалымдоолор эске салынып, «Эмне үчүн Гаага адилеттик кеңешине эмес да Европа Адам укуктары сотуна барабыз?» деген суроого Йылдырым: «Биздин элчи милдетин аткаруучу кызматкерибизди жана башкы консулубузду бир жолу камап алышты, кийин мага мунун жаңылштык менен болгону айтылды жана бул темада Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте телефон аркылуу кечирим сурады»,-деп жооп берди.


Этикеткалар: #Бинали Йылдырым

Тектеш кабарлар