Президент Эрдоган Нидерландияны сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагынын конуу уруксатынын Нидерландия тарабынан жоюлушун катуу айыптады.

689529
Президент Эрдоган Нидерландияны сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагынын конуу уруксатынын Нидерландия тарабынан жоюлушуна байланыштуу, «Нидерландия бир секиресиң, эки секиресиң, бирок билип койгун ал жердеги атуулдарым 16-апрелдеги референдумда сиздин оюнуңузду бузат»,-деди.

Стамбулдагы тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган: «Канча кааласаңыз да кысым кылгыла. Террористтерди өлкөңүздө багып чоңойто бергиле. Булардын баары кийин сизге кайра кайтат жана буларга карай биз 16-апрелден кийин ишке ашыруубузду баштай турганыбыз шексиз. Мындан кийин сиздин учактар Түркияга кантип конот көрөлү? Албетте бул жерде дипломатия тууралуу айтып жатам, атуулдардын саякатын эмес. Булар саясат да билбейт, эл аралык дипломатияны дагы билбейт. Булар ушунчалык үркөнчөөк, ушунчалык коркок. Булар нацизмдин калдыгы, булар фашист»,-деп айтты.

Нидерландиянын чечимин сындаган вице-премьер Нуман куртулмуш да: «Бул фашизмдин аяк үндөрү, Европанын бардык жеринен угула баштады. Бул Европанын келечеги үчүн чоң коркунуч. Муну карап чыгышат жана бул жаңылыштыктан кайра кайтышат деп үмүт кыламын»,-деп айтты.

Мунун кабыл алынышынын мүмкүн болбогонун белгилеген Куртулмуш: «Акылга, ой жүгүртүүгө, демократияга, адамзатка, адам укуктарына терс түшкөн абдан жаңылыш ишке ашыруу. Түркия катары мунун тебелендисинде калбайбыз. Түркия керектүү бардык жоопту муну ишке ашыргандарга берет»,-деди.

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик да, Нидерландиянын чечиминин достукка жарашпаганын айтып, мунун Нидерландия демократиясы үчүн кара так болгонун айтты.

Челик: «Бул шылтоолордун аркасында жикчил, фашист, демократияга жана адам укуктарына каршы мамилелер бар»,-деп айтты.

Республикачыл элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу да Нидерландиянын чыгарган чечиминин туура болбогонун бедгилеп, «Демократияны жактагандар ушундай нерсени кыла алышпайт. Бир жагынан «демократмын» дейсин анан Түркия Республикасынын бир министринин учуу уруксатын жоесуң. Муну эч качан туура деп таппайбыз, жаңылыш»,-деди.

Буга кошумча Нидерландиянын Анкарадагы элчи милдетин аткаруучусу Тышкы иштер министрлигине чакыртылды жана чыгарылган чечимге тынчсызданганы билдирилди.

Нидерландия өкмөтү элдик добуш өнөктүгү үчүн Роттердам шаарындагы консулдук имаратында сөз сүйлөө үчүн ал өлкөгө бара турган тышкы иштер министри Чавушоглунун учагынын конуу уруксатын жойгон.

Бир тараптан үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каянын да Германияда өткөрө турган иш-чарасы жоюлду.

Бул чечимге себеп катары Каянын сөз сүйлөй турган залдын жекшемби жана эс алуу күндөрүндө гана иштөө уруксаты болгонун себеп көрсөткөн.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун конуусуна уруксат берилбегенинин себебинен бара албаган мекендештер менен жолугушуу программасына үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Кая авто жолу менен Германиядан Роттердамга барып катышмак.



Тектеш кабарлар