Европа адам укуктары жана баалуулуктарына жарашкыдай мамиле кылбай жатат

Мевлүт Чавушоглу, бүгүн кечинде Германиянын Гамбург шаарында түрк жарандары менен жолугуша турганын жана буга эч кимдин тоскоол боло албай турганын айтты.

686484
Европа адам укуктары жана баалуулуктарына жарашкыдай мамиле кылбай жатат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, бүгүн кечинде Германиянын Гамбург шаарында түрк жарандары менен жолугуша турганын жана буга эч кимдин тоскоол боло албай турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Стамбулдун Бейоглу жолугушуулары иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө, «Биздин мекендештер менен жолугушуубузга эч ким тоскоол болгонго аракет кылбашы керек. Демократиянын, топтолуу эркиндигинин талабы ушундай. Европа стандарттары жана баалуулуктары да так ушуну айтат»,-деди.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин жана калган министрлердин жыйналыштарына бөгөт коюш үчүн системалуу аракет кылынып жатканын айткан Чавушоглу: «Түркиядагы элдик добуш берүүдө, коңшу өлкөлөрдүн, дос өлкөлөрдүн, дос деп билген өлкөлөрдүн, ушунчалык ачык түрдө бир тарапты колдошу жана кабыл алынгыс ишке ашырууларды кылышы, менин оюнча уялса боло турган нерсе»,-деп айтты.

Түркиянын Германия менен кошо эч бир өлкө менен мамилелердин жаман болушун каалабагандарын баса белгилеген Чавушоглу: «Бирок бизге каршы душмандай мамиле кылынган убакта албетте биз да мунун жообун беребиз, анын астында калбайбыз. Муну да ачык айтышыбыз керек»,-деди.

Германияда жасалгандардын кабыл алынгыс болгонун баса белгилеген Чавушоглу сөзүн мындай улады: «Бүгүн Германияда, менин дагы жыйналыш өткөрө турган жеримдин ээсине алгач полициянын, андан кийин чалгындоо кызматынын, андан соң канча жооптуу кишилер бар болсо бардыгы тең «жоюп ташта» дешип кысым көрсөтүшү, ал кишинин кабыл албай коюшунан кийин ал залдын ээсинин уруксаттарынын жоюлушу, кабыл алынгыс нерсе. Бул адам укуктарына да шайкеш келбейт. Ал кишини ушинтип жазаландырып Германиянын бир жерге жетиши мүмкүн эмес».

«Түркия республикасынын тышкы иштер министри жана жооптуу кызматкерлери келе албайт» деген жарыя тараткан Нидерландияга да каршылык көрсөткөн тышкы иштер министри Чавушоглу, мунун өнөктөштөр жана достордун арасындагы карым-катнашка жарашкыдай мамиле болбогонун белгилеп, «Муну биздин да кабыл алышыбыз албетте мүмкүн эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар