Бахчели:«Урматтуу президент эгерде Европага баруу чечимин чыгарса жалгыз болбойт»

Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели президент Режеп Таййип Эрдогандын Германияга  каршылык көрсөтүүлөрүн кубаттады.

686112
Бахчели:«Урматтуу президент эгерде Европага баруу чечимин чыгарса жалгыз болбойт»

Германиянын түрк министрлердин программаларын жоюушунун жаңырыктары уланууда.

Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели президент Режеп Таййип Эрдогандын Германияга  каршылык көрсөтүүлөрүн кубаттады.

Жеке менчик бир телеканалга маек куруп берген Девлет Бахчели, Европада 4 миллион түрк жашаганын эске салып президент Эрдоганды «жаныңыздабыз» деген билдирүүсүн айтып колдоду.

«Урматтуу президент эгерде Европага баруу чечимин чыгарса жалгыз болбойт»,-деп айткан Бахчели: «Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси катары президент менен чогуу Европага барамын. Чынчыл түрдө айтуудамын эмне кааласак Түркиянын пайдасы үчүн каалайбыз»,-деп айтты.

Европанын түрк дүйнөсүнүн маанилүү бир бөлүгү болгонун да билдирген Бахчели: «Жаңы түрк рухун ортого салуу үчүн урматтуу Президент менен чогуумун»,-деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, жеке менчик бир телеканалда сүйлөгөн сөзүндө Бахчелинин айткандарынын абдан маанилүү экендигин жана колдошуунун үлгүсүн көрсөткөнүн айтты.

Йылдырым, мурда мындай нерсени Республикачыл элдик партиясынын мурдагы жетекчилеринен жана Анталья эл өкүлү Дениз Байкал да жасаганын белгилеп, «Ырахмат айтамын. Анткени маселе мамлекет маселеси болгондо башка нерселер майда барат нерселер болот. Биз кыйын кезеңдерде канчалык көз карашыбыз шайкеш келбесе дагы чогуу кыймыл кылабыз»,-деп айтты.

Буга окшогон абалдын 15-июлдан кийин Йени Капы руху менен ортого салынганын айткан Йылдырым: «Учурда Европанын өлкөбүздөгү референдумду бурмалоого карай атайын аракеттерине каршы ушундай мамилени көрсөтүү абдан жакшы билдирүү болду. Европага да жакшы билдирүү болду жана Түркиянын улуттук маселелерде кантип чогула алганын көрсөтүүсү жагынан маанилүү деп ойлоймун»,деген серебин салды.

Президенттиктин баш катчысынын орун басары жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын да, президент Эрдогандын Германия тууралуу маалымдоолоруна колдоо көрсөткөн улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчелиге ыраазычылыгын билдирди.

Калын, социалдык бөлүшүү баракчасы Твиттер эсебинен, «Урматтуу Девлет Бахчели, бул жарыясы менен асыл жана улуттук позициясын бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттү. Куттуктаймын жана ырахматымды айтамын»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар