Эрдогандын учакта берген маалыматтары

Эрдоган Пакистандан кайтып келе жатканда журналисттерге маанилүү маалыматтарды берди.

683287
Эрдогандын учакта берген маалыматтары

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияга жайгашуу сыяктуу дарты болбогон Түркиянын максатынын өзүнө багытталган коркунучтарды жана качкын агымдарын токтотуу болгонун айтты.

Эрдоган Пакистандан кайтып келе жатканда журналисттерге маалымат берди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда жүргүзгөгн «Евфрат калканы» кыймылына токтолгон президент, кезекте Мүнбич турганын айтты.

Эрдоган: «Жераблус, Раи жана Дабыктан кийинки келип жеткен жер Эл Баб. «Биз тазалоо кыймылын жүргүзүүдөбүз» десек жаңылышпайбыз. Дагы да уланат. Эл Бабдан кийинки процессибиз Мүнбич багытында болот»,-деп айтты.

Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруучулугунун Мүнбич жана Раккага байланыштуу азырынча такталган чечими жок экенин белгилеп, «АКШ баштаган коалиция күчтөрү менен эгерде биргелеше кадамдарды таштай алсак жакшы болот. Ракка процессин чогуу жүргүзүү аракетин кылуудабыз. Бул учурда Орусия Федерациясынан да «ДЕАШка каршы күрөштү бирге жүргүзө алабыз» түрүндөгү талаптар келген учурунда, бул күрөштү бардыгыбыз чогуу улантуудан сөз болот. Бул айда Орусияга сапарыбыз болот. Бул темалардын бардыгын ал жерде кеңири карап чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болот»,-деп айтты.

Эрдоган АКШда жашаган Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин Канадага кача турганы жөнүндөгү айтымдар тууралуу суроого болсо, «Канада ошондой кайрылууга оң жооп береби билбеймин. Биз керектүү маалыматтарды бердик. Учурда бул айтымдар тууралуу олуттуу абал жок. Андай болсо алар менен да жогорку еңгээлде сүйлөшөбүз»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар