Израилден 400 миң турист күтүлүүдө

Израилдик туристтер эс алуу максатында кайсы шаарларды тандашат?

676794
Израилден 400 миң турист күтүлүүдө

Быйыл Израилден келе турчу туристтердин саны 400 миңге жетиши күтүлүп жатат.

Түркиянын Мейманканалар Биримдигинин билдүүсүнө караганда, Түркия менен Израилдин карым-катнаштарындагы нормалдашуудан кийин Тель-Авивде өткөрүлгөн Эл аралык Жер Ортолук деңиз Туризм жарманкесинин жыйынтыктары, Израиль туризм рыногуна байланыштуу күтүүлөрдү арттырууда.

Жарманкеден кийин Түркиянын Мейманканалар Биримдиги даярдаган жыйынтык отчетунда, эки өлкөнүн ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана жандандырылган карым-катнаштардын Израиль туризм рыногу үчүн допинг болоору белгиленди.

Отчетко караганда израилдик туристтер эс алуу максатында эң биринчи Анталья, Алания, Мармарис жана Бодрумду тандап жатышат.

Маданий туризм максатында Түркияга келген туристтер болсо көбүнчө Стамбул, Чыгыш Карадеңиз жана Кападокия аймагына чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө.

Израиль менен Түркиянын ортосундагы паром каттамдары Хайфа-Анталья, Мерсин, Алания болуп кайрадан башталат.

Түрк аба жолдору да күн сайын Стамбул менен Тель Авивдин ортосунда эки тараптуу каттамдарды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар