Кандилде 27 террорист өлтүрүлдү

Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагына 22 -  февралда жүргүзүлгөн аба операциясында 27 террорист өлтүрүлдү

679249
Кандилде 27 террорист өлтүрүлдү

 

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда 22 -  февралда 14.30 – 15.15 сааттарынын арасында Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагына жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар менен абадан операция жүргүзүлгөн.

Аба операциясында үч баш калкалоо жери жардырылды. Андан кийинки аныктоо иштеринин акырында 27 террористтин  өлтүрүлгөндүгү билдирилди.



Тектеш кабарлар