Адилеттик министри Бекир Боздаг АКШга барышы мүмкүн экендигин билдирди

Бекир Боздаг АКШнын жаңы адилеттик министри Жефф Сессион менен жолугушуу үчүн АКШга барышы мүмкүн экендигин айтты

679213
Адилеттик министри Бекир Боздаг АКШга барышы мүмкүн экендигин билдирди

Адилеттик министри Бекир Боздаг Фетуллахчы террордук уюмдун башчысы Гүленди тапшыруу процесси тууралуу АКШнын жаңы адилеттик министри Жефф Сессион менен жолугушуу үчүн АКШга барышы мүмкүн экендигин айтты.

Менчик телекөрсөтүү каналында түз эфирге чыккан Бекир Боздаг АКШнын жаңы адилеттик министрине жиберген катынын эске салынышы менен Жефф Сессионду куттуктап жана ийгилик каалагандыгын билдирген кат жибергендигин айтты. Боздаг : «Түркия менен АКШ карым – катнаштары эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда эң маанилүү күн тартип болгон ФЕТӨ лидери террорист Гүлендин тапшырылышына Түркия чоң маани бергендигин,  мунун Түркия – АКШ карым – катнаштары жактан маанилүү экендигин, Гүленди тапшыруунун Түркия -  АКШ карым – катнаштарына оң таасир тийгизерине ишенген кат жибердим»,- деди.

Жаңы башкарунуун бул тууралуу оң кадам таштай тургандыгына байланыштуу  таасир жаратпагандыгы суралышы боюнча Боздаг берилген маалыматтарга караганда бир айырмачылыктын бар экендигин билдирди. Боздаг : «Керек болсо бул маселени урматтуу министр менен кайрадан сүйлөшүү үчүн АКШга барышым мүмкүн. Урматтуу министрди да Түркияга чакырамын. Түркияда да бул тууралуу сүйлөшөбүз»,- деди.

Бекир Боздаг ФЕТӨнүн башчысы Гүлендин үчүнчү бир өлкөгө кетип же кетпеши  тууралуу суроого жооп катары уюмдун кээ бир жерлерде чарбаларды сатып алгандыгына байланыштуу кабарлардын бар экендигин билдирди. Өзгөчө Канадада чоң бир чарбанын алынгандыгына байланыштуу маалыматтын бар экендигин белгилеген Боздаг бул маалыматты АКШ адилеттик мекемелерине да жиберилгендигин айтты.

Канада менен Түркиянын ортосунда келишим болбогондуктан бул өлкөнүн ФЕТӨ тарабынан тандалгандыгын белгилеген Бекир Боздаг уюмдун Египет менен бирге Түштүк Африка, Бразилия сыяктуу аймактарда да  изденүүлөрүнүн болгондугун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар