Түркияда бактылуулук катнашы өстү

2016 -  жылы «бактылуумун» дегендердин катнашы мурунку жылга караганда 56 пайыздан 61 пайызга жогорулады

678060
Түркияда бактылуулук катнашы өстү

 

Түркия статистикалык мекемеси 2016 -  жылга байланыштуу «Турмуштук ыраазычылык изилдөөсү» жыйынтыктарын билдирди. Ушуга караганда эң жогорку бактылуулук катнашы 18 – 24  жаш тобунда болду. Жаштардын 65 пайызы бактылуу экендигин билдирди.

Үй – бүлө кургандардын үй – бүлө курбагандарга караганда дагы да бактылуу экендиги ортого чыкты. Бойдоктордо 53 жарым пайыз болгон бактылуулук үй – бүлөлүүлөрдө 65 пайызга жеткен.

2016 -  жылы кишилер үй – бүлөлөрү менен бактылуу болду. Ар бир он кишиден жетөөсү  үй – бүлөсүнүн бактылуу кылгандыгын айтты.  Бактылуулуктун булагы болгон баалуулуктардан ден соолук биринчи орунду алды. Кишилердин 72 пайызы үчүн ден соолук бактылуулуктун эң чоң себеби. Ден соолуктан кийин сүйүү, ийгилик жана акча келүүдө.

Кишилердин 77 пайызы келечектен үмүттүү экендигин айтты.



Тектеш кабарлар