Түркия Европа Биримдигин жаңы барак ачууга чакырды

Европа Биримдигинде тең-салмак өзгөрүшү мүмкүн

669511
Түркия Европа Биримдигин жаңы барак ачууга чакырды

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, Европа Биримдигинде тең-салмактын Түркиянын салымдары менен оң мааниде өзгөрө турганын баса белгиледи.

Министр Челик Европаны 2017-жылы жаңы барак ачып жоопкерчиликтерин орундатууга чакырды.

Европа Биримдиги министри Өмер Челик 2 күндүк иш сапары менен Парижге барды.

Министр Челик Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро, Европа Биримдиги министри Гарлем Десир жана сенатор башчысы Жерар Лакер менен жолугушту.

Челик андан соң Франциянын Эл аралык мамилелер институтунда сөз сүйлөдү. АКШнын коргонууга багыт алышы, Кытайдын глобалдашуу аракеттери, Англиянын Европа Биримдигинен бөлүнүшү сыяктуу жагдайлардын эл аралык тең-салмакты өзгөртө турганына көңүл бурду.

Челик Европанын күчөп жаткан улутчулдук айтымдардын көлөкөсүндө Түркияга каршы мамилесинин да туура эмес экенин баса белгиледи.

Европада Түркиянын чоңдугунан корпошу керектигине көңүл бурган Челик, Түркиянын чоңдугунун ырааттуулукту камсыздоого жана маселелердин көпүлүгүн чечүүгө карата Европадагы тең-салмакка оң багытта салым кошоорун айтты.

Эми Европада жаңы экономикалык моделдерге жанан саясий талкуунун өнүктүрүлүшүнө муктаждык бар экенин белгилеген Өмер Челик, Түркия-Орусия карым-катнаштарына да багыттын алмашуусу катары баа берилбеши керектигин билдирди.

Челик Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин европалык лидерлерден биринчи Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу байланышып төңкөрүш аракетин айыпташына ыраазы болгондорун баса белгилеген Челик, Түркия менен Орусиянын газ менен катар экономикалык жана саясий темаларда жакын байланыштарынын Европага да пайда алып келээрин айтты.

Европаны эми жаңы барак ачууга чакырган министр Челик, Европа Биримдиги-Түркия саммитинин эң кыска убакта өткөрүлүшүн, Бажы Биримдиги жана виза эркиндигинде так илгерилөөнү камсыздай турчу кадамдардын ташталышын талап кылды.



Тектеш кабарлар