Түркиянын Европа Биримдигиндеги жаңы туруктуу өкүлү

Фарук Каймакчы Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Тускка ишеним катын берип, кызматын баштады

668664
Түркиянын Европа Биримдигиндеги жаңы туруктуу өкүлү

Түркиянын Европа Биримдигинин жаңы туруктуу өкүлү Фарук Каймакчы Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Тускка ишеним катын берип, кызматын баштады.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Каймакчы Брюсселге барышынын 8 -  күнүндө сунуш кылган катта Тускка Түркиянын мүчөлүк перспективасынын алкагында Европа Биримдиги менен бардык тармакта кызматташтык жана диалогду өнүктүрүүнү каалашкандары баса белгиленди.

Түркиянын террордук уюм ПКК жана Фетуллахчы террордук уюм менен күрөштө Европа Биримдигинен так кадамдардын ташталышын күтүшкөндөрүн белгилеген Каймакчы мыйзам тышы миграция менен күрөшүүдө Түркияга берилген колдоонун ылдамдатылышынын жана дагы таасирдүү абалга келишинин маанисин баса белгиледи. Каймакчы акыркы болуп Түркиянын Багдат элчиси катары кызмат кылып жаткан.

 



Тектеш кабарлар