Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ел Баб операциясында 2 аскер шейит болду

15 аскер жеңил жараланды

668072
Түрк куралдуу күчтөрүнүн  Ел Баб операциясында 2 аскер шейит болду

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жол башчылыгында Сириянын Ел Баб аймагында жүргүзүлүп жаткан операцияларда 2 аскер шейит болуп, 15 аскер жеңил жараланды. Чыккан кагылышууларда ДЕАШ мүчөсү 58 террорист таасирсиз абалга алып келинди. Аймакта стартегиялык мааниге ээ дөңсөөлөр түрк куралуу күчтөрүнүн колдоосу астындагы Эркин Сирия Армиясы тарабынан колго алынды. Абадан жана кургактыктан жүргүзүлгөн операцияларда 58 ДЕАШ мүчөсү террорист таасирсиз абалга келди.

Башкы штабдын төрагалыгы  169 күндөн бери жүргүзүлүп келе жаткан Евфрат калканы кыймылы тууралуу маалымат берди. Ушуга караганда кургак жер күчтөрү командирлигинин негизиндеги артиллериялык жана башка жардам каражаттары менен террордук уюм ДЕАШка таандык 189 бута атылды.

Түрк согуштук учактары 65 бутага карата жасааган кыймылда баш калкалоо үчүн колдонулган 58 имарат, 1 штаб имараты, 3 туннель кириши, 2 текшерүү жери жана 1 куралдуу унаа жардырылды.

Коалиция күчтөрүнүн аба кыймылында болсо баш калкалоочу жер катары колдонулган 10 имарат, 1 туннель, 1 коргонуу буктурмасы менен 1 ок өткөрбөс унаа пайдаланылбай турган абалга келди. Ел Бабдын толугу менен текшерүү астына алынышына карата операциялар үзгүлтүксүз улантылууда.



Тектеш кабарлар