Чет элдик бозгундар кармалды

Алар мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууну каалашкан

663858
Чет элдик бозгундар кармалды

Чанаккаленин Айважык районунда мыйзамсыз жолдор менен Грециянын Мидилли аралына барууну каалаган 22 чет элдик жаран кармалды.

Райондук Жандармерия командирлигине караштуу топтор, Сазлы айылынын жээгине операция жүргүзүштү.

Операцияда зайтун бактарынын арасына жашынган, аял жана балдар да арасында болгон Сирия, Ооганстан жана Конго Демократиялык Республикасы улутундагы 22 киши кармалды.

Райондук Жандармерия командирлигине алып келинген 22 адам, текшерүүдөн өткөндөн кийин Айважыктагы Чет элдиктерди кайра жөнөтүү борборуна тапшырылды.



Тектеш кабарлар