Эрдогандын Мозамбик сапарында бир канча келишимге кол коюлду

Президент Эрдоган жана Ниусинин карамагында дипломатия, соода, экономика, маданият жана туризм тармагындагы 6 келишимге кол коюлду.

658665
Эрдогандын Мозамбик сапарында бир канча келишимге кол коюлду

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Чыгыш Африка турунун экинчи аялдамасы Мозамбиктеги программасын аяктады.

Президент Эрдоган эң оболу борбор шаар Мапутада Баатырлар аянтындагы Матола эстелигине гүлчамбар койду жана андан соң Мозамбиктин президенти Филипе Хасинто Ниуси тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

Эки президент бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.

Президент Эрдоган жана Ниусинин карамагында дипломатия, соода, экономика, маданият жана туризм тармагындагы 6 келишимге кол коюлду.

Президент Эрдоган биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында Түркия катары татаал күндөрдү артка калтырган Мозамбикти колдой турганын белгилеп кетти.

Тажрыйбаларын жана Эл аралык Валюта Фонду (IMF) темасындагы көз караштарын Ниуси менен бөлүшкөндөрүн айткан Эрдоган, министрлер деңгээлинде да эки тараптуу жолугушуулардын өткөрүлгөнүн жана алты келишимге кол коюлганын жарыялады.

Президент Эрдоган жеке менчик сектор алкагында да сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлө турганын айтып, «Ишкерлер бир топ кадамды кеңешүү менен ташташы керек»,-деп айтты.

Эрдоган Фелипе Ниуси менен Түркияда 15-июлдун түнүндө төңкөрүш аракетин кылган Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн түзүмдөрү жана уюм менен күрөшүүнү да сүйлөшкөндөрүн жана ошондой эле бул темада колдоо талап кылгандарын айтты.

Түркияда куралдуу күчтөр, полиция уюму жана мамлекеттин мекемелерине кирип кеткен жана дүйнөнүн төрт тарабына жайылган ФЕТӨнүн Мозамбикте да муну кыла турганы менен эскерткен Эрдоган, бир Мозамбик лакабын колдонуп, «Досу бар киши бардык нерсеге ээ болот»,-деп айтып Түркиянын Мозамбиктин досу болгонун белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар