Президент Эрдоган Мозамбикте

Мозамбиктин президенти Филипе Хасинто Ниуси менен Эрдоган бетме-бет жолугушкан соң биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.

657719
Президент Эрдоган Мозамбикте

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чыгыш Африка турунун экинчи аялдамасы Мозамбикте.

Президент Эрдоган эң оболу борбор шаар Мапутада Баатырлар эстелигине гүлчамбар коет.

Мозамбиктин президенти Филипе Хасинто Ниуси менен бетме-бет жолугушкан соң биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.

Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар менен сооданын өнүктүрүлүшүнө карата темалар каралат.

Сапарда эки тараптуу карым-катнаштар каралып Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен күрөшүү темасы да маанилүү орун алат.

Мозамбикте жүргөн ФЕТӨ түзүмү менен күрөшүү темасында кайдыгер болбоо талап кылынат.

Президент Эрдоган эң акырында Түркия-Мозамбик Ишкердик форумуна катышат.

Президент Эрдогандын Африка турунун алкагындагы Мозамбик сапары, ал өлкөдө жашаган мусулмандарды ыраазы кылды.

Эрдогандын расмий сапарына чоң маани беришкен Мозамбик жарандары, бул сапардын эки өлкө карым-катнаштарын өнүктүрө турганы жана коомчулуктардын арасындагы колдошууну дагы да арттара турганына ишенишүүдө.



Тектеш кабарлар