Экономика жыйыны

Жыйында валюта курсундагы жогорулоо менен катар базар экономикасындагы абал каралды.

652945
Экономика жыйыны

Президент Режеп Тайип Эрдоган Бештепеде экономика кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Президент Эрдоган экономикадагы жагдайды сүйлөшүү үчүн тийиштүү министр жана жогорку даражалуу айрым бюрократтар менен жолугушту.

Жыйында валюта курсундагы жогорулоо менен катар базар экономикасындагы абал каралды.

Тышкы факторлор себепчи болгон базар экономикасындагы кыймылдуулуктун экономикага таасирине чектөө коюу үчүн көрүлө турчу чаралар каралып чыкты.

Жыйында валюта курсундагы жогорулоонун убактылуу экени баса белгиленип, түрк экономикасынын негиздеринин бекем экени билдирилди.

Экономика башкаруучулугу бул процесстин убактылуу экенин баса белгилеп, 2017-жылы инфляция максаттарында четтөөнүн болбой турганын, ралдуу сектордун жагдайдан терс таасир албашы үчүн ар түрдүү чаралардын көрүлгөнүн маалымдады. Алдыбыздагы процессте да Борбордук банк менен катар тийиштү экономикалык мекемелер абалга жакын байкоо салып алдын ала чараларды көрүшөт.  



Тектеш кабарлар