Бишкекте кулаган учак кимге таандык?

Бишкекте кулаган учакты айрым медиа мекемелери Түрк аба жолдоруна таандык деген такталбаган маалымат таратып жиберишкен.

652687
Бишкекте кулаган учак кимге таандык?

ACT аба жолдору фирмасы кимге таандык?

 ACT аба жолдору фирмасы  2004-жылы курулган. 2006-жылы түрк жарандык авиациянын дуайендери Явуз Чизмежи жана Даглар Чизмежинин «HBK Investments» менен кошулуп ээси алмашкан. 2008-жылы  21 пайыздык капиталынын акциясы «Manara Investments Ltd» тарабынан сатылып алынган. «Манара» төрт лидер сауд арабиялык иш тобу тарабынан колдоого алынган инвестор.

ACT аба жолдору фирмасы 2007-жылы эң эле таанымал SCATA  камсыздоо чынжыры жана транспорт сыйлыгы болгон «Жылдын аба жүгүн ташуу оператору» сыйлыгына ээ болгон.

ACT аба жолдору фирмасы Кытайлар менен өнөктөштүк түздү

2011-жылы кытайлык HNA Group, ACT аба жолдорунун акцияларынын 49 пайызын сатып алган. Акциялардын 50,9 пайызы Даглар Чизмежиде, калган 0, 9 пайызы берки түрк өнөктөштөрүндө. Бул өнөктөштүк ишке ашкан соң ACT аба жолдорунун маркасы myCARGO деп өзгөртүлгөн.                     ACMI – Wet lease

ACT аба жолдорунун кызматтары

myCARGOнун  борбору Стамбулда болуп, ACMI категориясында белгилүү жүк ташыган фирмаларга кошумча жүк орунун камсыздоо максатында дүйнөдө бир топ жерге учууда.

Чартер

myCARGO, кыска мөөнөттүү билдирүүлөр менен дагы дүйнөнүн ар тарабына чартердик учууну кыла алгыдай түрдө адистешкен. Ооганстанда Кабул, Кандахар жана Баграм, Иракта Басра жана Багдад сыяктуу ар түрдүү аймак жана шаарларга сан жеткис чартердик каттамдарды кылган. myCARGO, бул аймактарда жана шаарларда чартердик операция темасында маалымат биригүүсү,  тажрыйба жана know-how  ээси жер тандоо жана учуучу тобу менен өзүнө абдан ишенген фирма.

-Атайын жүк,            

-Кымбат баалуу буюмдарды,

- Зыяндуу заттарды,

- Тез бузулчу тамак-аштарды,

- Жаныбарларды,

- Гуманитардык жардамдарды ташыйт.

Бишкектеги «Манас» аэропортуна коноор маалда түшкөн ACT аба жолдоруна таандык Boeing 747-400Fүлгүсүндөгү (Jumbo jet)жүк ташуучу учагына байланыштуу ACTнын борбордук кеңсесинен билдирүү жарыяланды.

«Фирмабыздын 49 пайызы чет элдик, 51 пайызы түрк өнөктөштөрдөн турат. Явуз Чизмежинин фирмабыз менен кандайдыр бир байланышы жок. Жарандык авиация кызматкерлеринин ACT борбордук кеңсебизге келгени жана учак тууралуу делолорду алып койгону сыяктуу абал жок. Бардык аба жолдору кырсыктарында болгону сыяктуу кырсык тууралуу иликтөө башталган болуп,фирмабыз тарабынан учакка байланыштуу бардык техникалык каттоолор, тийиштүү жерлерге билдирилди. Борбордук кеңседе бул темага байланыштуу иштерибиз уланууда».

ACT аба жолдорунун учагы Бишкекте кулап түштү

Стамбулдагы «Ататүрк» аэроптортунан мурдагы күнү учкан TC-MCL каттоосу болгон Boeing 747-400F Jumbo Jet үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак, алгач Казакстандын Астана шаарына, ал жерден Гонконгго учкан. Бул жерде учакты капитан учкуч Ибрахим Гүржан Диранжы, экинчи учкуч Казым Өндүл менен жүктөөчү адис (Load Master) Мелих Аслан жана оператор Ихсан Кожа өткөрүп алышкан.

Жүгүн алган учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:10до Гонконгдон Бишкекти көздөй учкан. Учактын «Манас» аэропортунан Стамбулга учушу пландалып жаткан. Учактын Түркия убактысы боюнча саат 04:45те «Манас» эл аралык аэропортко коноор маалында радар менен байланышы үзүлгөн. Издеп куткаруучу топтор аймакка жиберилип жатканда, учактын күйгөн бөлүкчөсү жол тилкеге жакын жерден табылды.

 

Түрк аба жолдорунун (THY)жарыясы

«Гонконг эл аралык аэропортунан учкан жана Бишкек «Манас» эл аралык аэропортуна бараткан АСТ аба жолуна таандык ТС-МСL каттоосу болгон жүк учагы Бишкекке жакын жерлерде саат 01:40 UTC (Түркия убактысы боюнча саат 04:40) чамаларында кулап түштү.Кулаган учактын жана экипажынын Түрк аба жолдоруна таандык эместиги коомдук пикирге жарыяланат».

Учурда жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштери уланууда. 

 

17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

 

17-январь жүк ташуучу «Боинг-747» учагынын кырсыкка учурашынан улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Муну негиздеген жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Көп сандаган адам курмандыктарына алып келген авиакырсык Кыргызстандын бүтүндөй эли үчүн орду толгус оор жоготуу болду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Каза болгондорго аза күтүү менен жана алардын туугандары менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

1. Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар