Астанага АКШ дагы чакырылат

Мевлүт Чавушоглу, Казакстандын борбор шаары Астанадагы Сирия тууралуу сүйлөшүүлөргө АКШны чакыра тургандарын жарыялады.

651607
Астанага АКШ дагы чакырылат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Казакстандын борбор шаары Астанадагы Сирия тууралуу сүйлөшүүлөргө АКШны чакыра тургандарын жарыялады.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Элчилердин 9-конференциясынын жабылыш аземинен кийинки жарыясында, «АКШнын ролун четке какпайбыз, салымын дагы четке какпайбыз. АКШдагы жаңы башкаруудан өзгөчө күтүүбүз террордук уюмдар менен кызматташууларын соңуна чыгарышы»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамдепартаментинин басма сөз катчысы Марк Тонердин «Астанага «ПЙД» дагы чакырылсын» деген жарыясына катуу каршылык көрсөтүп, «АКШ, анда ДЕАШты да чакырсын. Ушундай сандырактык болобу? Астанада ЙПГ болбойт. ЙПГнын максаты ДЕАШ менен күрөшүү эмес, Сирияны бөлүп жаруу»,-деп айтты.

Чавушоглу, премьер-министр Бинали Йылдырымдын Швейцариянын Женева шаарындагы бештик конференциясына катышпоо себебине байланыштуу, «Урматтуу премьер-министрибиз Бинали Йылдырым 12-январда боло турган жыйналышка катышууга даяр болчу. Берки өлкөлөр өкмөт башчы деңгээлинде катышканда урматтуу премьер-министрибиз да келмек. Бирок Греция катышпай койду. Ошондуктан биздин Премьер-министрибиздин да ал жерге катышуусу туура болмок эмес»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар