Давоско вице - прмьер Шимшек менен экономика министри Нихат Зейбекчи барат

Дүйнөлүк экономикалык форуму был жыл үчүн 86 кишини Жаш глобалдык лидер деп жарыялады

648908
Давоско вице - прмьер Шимшек менен экономика министри Нихат Зейбекчи барат

Дүйнөлүк экономикалык формунун Швейцариянын Давос кыштагында жыл сайын өткөрүлгөн саммиттин бул жылкы жыйындарына вице – премьер Мехмет Шимшек менен экономика министри Нихат Зейбекчи катышат.

Саммитке 70тен ашуун өлкөдөн 300дөн ашуун катышуунун катышары күтүлүүдө. Швейцариянын Женева шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун борборунда өткөрүлгөн пресс – жыйында бул жылы 17 – 20 -   январь күндөрү боло турган жыйындарга Кытайдын мамлекет башчысы  Си Цзиньпин, Англиянын премьер – министри Тереза Мэй, АКШнын  вице – президенти Жо Байден, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко жана Орусиянын вице – премьери Ольга Голодейтин да катышуучулардын арасында экендиги билдирилди.

Жыйынга БУУнун баш катчысы Антони Гутеррес, Дүйнөлүк соода уюмунун баш директору Роберто Азеведо, ИМФнин төрайымы  Кристин Лагард, Эл аралык энергетика агенттигинин төрагасы Фатих Бирол, БУУнун качкындар жогорку комиссары Филиппо Гранди, Эл аралык миграция уюмунун генералдык директору Уилиям Леси Свинг жана Эл аралык иш алып баруу уюмунун генералдык директору Гай Райдер да катышат.

Дүйнөлүк экономикалык форуму был жыл үчүн 86 кишини Жаш глобалдык лидер деп жарыялады. Жаш глобалдык лидерлердин арасында Түркиядан да McKinseyдин өнөктөшү Бенги Коркмаз менен  Trendyolдун куруучусу жана СЕОсу Демет Мутлу да орун алды. «Сезимтал жана жоопкерчиликтүү лидерлик» деген темада Давос жыйынында 3 миңге жакын катышуучу  түрдүү темаларды талкуулашат. Давостогу жыйындарга катыша турган лидерлердин көптөгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар