Туристтердин Мевлана музейине болгон кызыгуусу

Туристтер көбүнчө Мевлана музейин кыдырышты

643672
Туристтердин Мевлана музейине болгон кызыгуусу

Конияда Мевлана Желаледдин Руминин күмбөзү орун алган Мевлана музейин 2016-жылы жергиликтүү жана чет элдик 2 миллион 429 миң 31 турист кыдырды.

Мевлана музейине келгендердин саны жыл сайын көбөйүп, 2014-жылы 2 миллион 89 миң 41, 2015-жылы болсо 2 миллион 571 миң 267 адам менен рекорддук деңгээлге жетти.

Өткөн жылы музей жана зыяратчы саны боюнча Кония шаары Стамбулдан кийин экинчи оорунду ээлеген.

Кония Маданият жана туризм директору Абдусеттер Ярар Мевлана музейинин 2016-жылы да миңдеген адамды тосуп алганын айтып: «Мевлана музейи быйыл Топкапы жана Аясофия музейлеринен да оозуп өтүп зыяратчы саны жагынан Түркиядагы музейлердин арасында биринчи орунду ээледи»,-деди.

Ошондой эле Азирети Мевлананын акыл-насааттарынын дагы да кеңири массага жеткирилиши максатында алдыбыздагы күндөрдө университеттер, бейөкмөт уюмдары, коомдук мекеме жана уюмдар орун ала турган комплекстүү кеңешүү жыйындарын өткөрүүнү пландап жаткандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар