Түркияга багытталган коркунучтар булагында жок кылынышы керек

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Кечиөрен метросунун ачылышында сөз сүйлөдү.

645210
Түркияга багытталган коркунучтар булагында жок кылынышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга багытталган коркунучтардын булагында жок кылынышы керектигин айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Кечиөрен метросунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын каршысына чыга албагандардын террор уюмдары аркылуу жанды кыйнап, аркадан канжар саюу эсебин кылгандар экенин белгилеп кетти.

Түркиянын жолун уланта турганын айткан Эрдоган: «Бизди бир убакта ДЕАШ менен күрөшпөй жатат» деп эл аралык аренада кыйнагандардын, ахлаксыз түрдө жалаа жапкандардын, бул уюмдун төбөсүнө түшкөнүбүздө дароо алдыбызга чыгып, «дагы илгери кетпегиле» дегендери бекеринен эмес, «20 чакырымдан ары кетпегиле» дегендери бекеринен болосо керек. Алар эмне десе десин, биз өз киндигибизди өзүбүз кесебиз жана жолубузду улантабыз»,-деп айтты.

Түркиянын ДЕАШка каршы күрөшүүсүнүн улана турганына көңүл бурган Эрдоган: «ДЕАШка каршы башка бир террор уюмун колдогондордун оюндары жана шылтоолору Түркиянын аянтка чыгышы менен бузулду. Көрүнүп турганындай булардын дарты, аймакты ДЕАШтан жана башка террордук уюмдардан тазалоо эмес, тескерисинче аймактын эч токтобогон кан  төгүлүп жана ок атышууга айландырылышы»,-деди.

Түркияга багытталган коркунучтардын булагында жок кылынышы керектигин баса белгилеген Эрдоган сөздөрүн мындай улантты: «Муну эч качан унутпайлы; Түркиянын коопсуздугу Газиантаптен эмес Халебден, Хатайдан эмес Идлибден, Мерсинден эмес Кипрден, Карстан эмес Нахчывандан, Артвинден эмес Батумиден, Фракиядан эмес Балкандан башталат. Муну ушундай деп билели».

Террор уюмдарынын бири-биринен эч айырмасы болбогонуна көңүл бурган Эрдоган: «ДЕАШ, ПКК,ПЙД,ЙПГ, ДНКП-Ж жана кошумчалай кетсам ФЕТӨ, бири-биринен эч айырмасы жок. Бул ниеттерин эч качан жаап жашыруу аракетин да кылышкан жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар