Тышкы иштер министри БУУнун жаңы баш катчысы менен жолугушат

Нью – Йоркто боло турган Чавушоглу – Гутеррес жолугушуусунда аймактык жана эл аралык темалардын  каралышы күтүлүүдө

643653
Тышкы иштер министри БУУнун жаңы баш катчысы менен жолугушат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу БУУнун жаңы баш катчысы Антони Гутеррес менен жолугушуу үчүн АКШга барат.

Түшкү сааттарда АКШга бара турган Чавушоглу эртең да БУУнун баш катчысы менен жолугушат.

Нью – Йоркто боло турган Чавушоглу – Гутеррес жолугушуусунда аймактык жана эл аралык темалардын  каралышы күтүлүүдө.

БУУнун баш катчысы Антони Гутеррес кызматын 1 -  январь күнү Пан Ги Мундан өткөрүп алган.

Антони Гутеррес БУУнун 9 -  баш катчысы. Гутеррес 1995 – 2002 – жылдардын арасында Португалиянын  премьер – министрлигин, 1999 – 2005 -  жылдардын арасында Социалист интернационалдын төрагасы жана 2005 – 2015 – жылдардын арасында БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгын аткарган.

Гутеррес 5 жыл баш катчылык кызматын аткарат.

Эки мезгил баш катчылык кызматын аткарган Пан Ги Мун Гутеррестин андан мурунку кызматынын негизинде согуш жана кагылышуу аймактарында жана качкындар лагерлеринде болгондугун, адамдардын тарткан кыйынчылыктарына түздөн түз күбө болгондугун айтты. Пан Ги Мун Гутеррестин өзүнөн кийинки мезгилде БУУна лидерлик кылуу үчүн туура кишинин шайлангандыгын белгиледи.


 



Тектеш кабарлар