Нуман Куртулмуш дайынсыз жоголгон аскерлер тууралуу суроолорго жооп берди
Куртулмуш түрк аскерлери тууралуу ырасталган маалыматтын жок экендигин айтты
Вице – премьер жана өкмөттүн катчысы Нуман Куртулмуш Сирияда өткөн айда байланыш үзүлгөн түрк аскерлери тууралуу ырасталган маалыматтын жок экендигин айтты. Куртулмуш жылдын акыркы Министрлер Кеңеши жыйынынан кийин журналисттерге маалымат берип, суроолорго жооп берди. Байланыш курула албаган түрк аскерлери тууралуу экендиги айтылган жана өткөн жумада жарыяланган көрүнүштөр тууралуу берилген суроого : «Бул видео көрүнүштөрү тууралуу түрк куралдуу күчтөрү менен улуттук коргоо министрлиги тарабынан тастыкталып, такталган бир маалымат жок. Мындай террордук уюмдар дүйнөнүн эң төмөнкү механизмдери. Элге коркуу жаюуга аракет кылууда»,- деп жооп берди Куртулмуш.
Нуман Куртулмуш Сирияда улантылып жаткан Евфрат калканы кыймылына да баа берди. Жераблус, Ел Баб жана Менбичти улуттук маселе катары көргөн Түркиянын эч ким жардам бербесе да улуттук бөлүктөрү менен бул маселени чече турган күчкө ээ экендигин айтты.
Тектеш кабарлар
Фидан Танзаниянын тышкы иштер министри менен жолугушту
Фидандын Макамбаны Тышкы иштер министрлигинин расмий резиденциясында тосуп алганы маалымдалды.